Тарыхы

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

Ош МУнун педагогика кафедрасы – университеттин тарыхы менен тамырлаш түптүү кафедралардын бири. Учурда кафедрада 1 илимдин доктору, профессор, 8 илимдин кандидаты, доценттер, 7 улук окутуучулар, 3 окутуучу – баары болуп 19 окутуучу эмгектенет. Тарыхый фактыларга таянуу менен педагогика кафедрасынын жаралуу жана өнүгүү жолуна сарасеп салалы. “Кыргызстан КП (б) БКнын 1939-жылдын 22-25-февралында болгон 3-съездинде кабыл алынган резолюцияда Ош шаарында мугалимдер институтун ачуу демилгеленген.

Кыргызстан Эл комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы жыйынын №1142 протоколунда Ош шаарында Ош мугалимдер институтунун ачылган”. Кафедранын түптөлүү тарыхы ошол жылдарга туура келет. Арийне, ошол мезгилдерде педагогика жана психология предметтерин бир гана Акрам Ганиевич Кайбышев окуп баштаган.

1944-жылы педагогика кафедрасы түзүлүп, Кыргыз ССРнин Эл агартуу комиссариятынын сунушу менен Кайбышев Акрам Ганиевич кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол жылдарда кафедранын профессордук-окутуучулук курамы үч кишиден турган. 1948-1951-жж. кафедраны М.Григорьев жетектеген.

1951-1958-жж. педагогика жана психология кафедрасы болуп уюштурулуп, психология илимдеринин кандидаты, доцент Г.С.Медельян башкарган. Кафедранын курамында 1954-1960-жж. болочок көрүнүктүү партиялык, мамлекеттик ишмер Эмилбек Абакиров, илимдин кандидаты З.П.Игнатьева, улук окутуучулар Н.Старостина, Д.М.Лондон жана башкалар эмгектенишкен.

1958-1971-жж. кафедраны психология илимдеринин кандидаты, доцент В.И.Овчинников жетектеген. Кафедрада Б.Апышев, Ж.Бешимов, Т.Ормонов, Н.Е.Варламова, А.С.Ким, С.Токторбаев, Б.Тойбаев, К.Абидов, М.Абдулина, С.Салихова эмгек жолун башташкан.

1971-1973-жж. кафедраны доцент Б.Тойбаев, 1974-1976-жж. доцент К.Жумабаев, 1977-1979-жж. доцент Ж.Бешимовдор башкарган.

1972-1976-жж. кафедрада көзгө көрүнөрлүк сапаттык өсүш жүргөн. Алсак, кандидаттык диссертацияларын 1972-жылы Казань шаарында Т.Ормонов, 1974-жылы Москва шаарында Б.Апышев, 1975-жылы Казандан Ж.Бешимов, 1976-жылы Ташкент шаарында К.Миңбаев ийгиликтүү коргоп келишкен.

1979-1987-жж. кафедраны Б.Апышев башкарып, 1980-жылдан тарта таланттуу уюштуруучу, чечкиндүү жетекчи, ректор С.Жумагулов жөндөмдүү, аракетчил, изилдөөчү окутуучуларды бир, эки жылдык илимий стажировкаларга Москва, Казань, Алматы шаарына жөнөтө баштаган. Ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде педагогика, психология илимдери боюнча окумуштуулардын жоон тобу өсүп чыккан. Алгач К.Абдилакимов, У.Эгембердиев, К.Мурзаев, Ж.Алымкулов, Б.Тажикова, Ж.Орозбаев, А.Исаевдер, кийинчерээк А.Батыралиев, Э.Иманкулова, Т.Жоробеков, А.Бердиевдер кандидаттык диссертацияларын жемиштүү коргоп келишти. Айылдык орто мектепте иштеп жүргөн мезгилде кандидаттык диссертациясын жазып бүтүрүп, кафедрада улук окутуучулук кызматта иштеп жүрүп М.Колдошев илимин 1992-жылы Алматы шаарында ийгиликтүү коргоду. Кафедранын илимий потенциалын жогорулатуу максатында окумуштуу-психолог А.Аманов башка республикадан кафедрага чакыртылып келинди.

80-жылдардын орто ченинде башталган кайра куруу реформалык саясатынын маңыз-маанисин туура түшүнүп, алардын идеяларына шыктанган кафедранын курамы кесиптик деңгээли жогорку талаптарга жооп берген мугалим кадрларын даярдоо боюнча ОМПИнин окуу пландарын, программаларын өркүндөтүүгө бир топ салымдарын кошуп, шаардын, областтын, республиканын мектептериндеги окуу-тарбия иштерин жакшыртуу боюнча иштиктүү демилге көтөрүшүп, алгылыктуу сунуштарды, жаңы табылгаларды, усулдук иштелмелерди мугалимдер арасында кеңири жайылтып, республикадагы алдыңкы кафедра катары таанымал болууга жетишкен. Натыйжада ОМПИ республикадагы эң сапаттуу мугалим кадрларын даярдоочу окуу жайына айланышына кафедра тийиштүү үлүш кошо алган.

1987-жылы кафедра “Педагогика” жана “Психология” кафедраларына бөлүнүп, биринчисин 1987-1993-жж. доцент К.Мурзаев жетектеген. Анын жетекчилиги астында кафедра “Университеттик билим берүү шартында мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо проблемалары” аттуу темада илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келди.

1994-жылы К.Мурзаев Түркиянын Анкара университетинин докторантурасына кабыл алынат.

Кафедраны 1995-2006-жж. педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Батыралиев, 2006-2017-жж. п.и.к, доцент Б.Ш.Тажикова, 2017-жылдан 2020-жылдын апрель айына чейин п.и.к, доцент Н.С.Шадиев, 2020-жылдын апрель айынан 2021-жылдын июнь айына чейин п.и.к, доцент М.Колдошев башкарышты.

2021-жылдын июнь айынан баштап кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жутанова Гульмира Атанбековна жетектеп келүүдө. Учурда кафедранын курамы 19 адамдан турат жана педагогикалык циклдеги бир нече окуу курстарын окутууну тейлейт. Маселен, “Педагогикалык ишмердүүлүккө киришүү ”, “Билим берүүнүн жана педагогикалык ойлордун тарыхы”, “Педагогикалык теориялар, системалар, технологиялар”, “Билим берүү системаларын башкаруу” жана атайын курстар.