Кафедранын иштеринин негизги багыттары

Кафедранын ишмердигинин мазмуну жана милдеттери:

БИРИНЧИ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: “Билим берүү ишмердигин модернизациялоо” – билим берүү процессиндеги илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын интеграциялоо:

ü Мамлекеттик жогорку билим берүү стандартынын III муунун практикада жайылтуу (реализациялоо);

ü Факультеттердеги негизги билим берүү программасынын мазмунуна сунуштарды берип туруу;

ü Бакалавр жана магистратуранын модулдук программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин толуктоо, жаңылап туруу;

ü Бакалавр жана магистратуранын программаларынын негизинде баалоо каражаттарынын фондун, тапшырмалар банкын иштеп чыгуу;

ü Студенттерди компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун чегинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун программаларын иштеп чыгуу, жаңылап туруу;

ü Билим берүү программаларынын тарбиялык потенциалын жайылтуу.

ЭКИНЧИ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: - “Инновациялык ишмердүүлүктү жана илимий-изилдөө иштерин модернизациялоо” кафедранын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштерин активдештирүү:

ü Кафедранын окутуучуларынын перспективдүү илимий-изилдөө программаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

ü Илимий-изилдөө иштерине гранттарды алуу үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын публикациялоо;

ü РИНЦке катталган журналдарга окутуу процессинин жана илимий-изилдөө иштердин жыйынтыгын жарыялап туруу.

ҮЧҮНЧҮ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: - “Социалдык өнөктөштүктү жайылтуу” билим берүү жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты өнүктүрүү:

ü Ички өнөктөштүк, ОшМУнун факультеттердеги методика кафедралары менен ишкер карым-катнашты уюштуруу;

ü Сырткы өнөктөштүк, КРнын жана коңшу мамлекеттердин билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышты колго салуу;

ü КРнын ЖОЖдорунун педагогика кафедралары менен алакада болуу.

ТӨРТҮНЧҮ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: - “Кафедранын кадрдык потенциалын өнүктүрүү” кафедранын кызматкерлеринин кесиптик жана инсандык жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жетишүү:

ü Перспективдүү жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп берүү;

ü Жаш окутуучуларды комплекстүү илимий-изилдөө иштерине тартуу жана программаларга ылайык жыйынтыктарын жайылтып туруу;

ü Жаш окутуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн жаңы форматын иштеп чыгуу;

ü Кафедранын окутуучуларынын жекече карьераларын пландоо.