2024-12-14 06:25:41 43
ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун директору п.и.к., доцент Б.Муратбаев баш болгон жоон топ профессордук- окутуучулук курам 2024-жылдын 11 - декабрынан 14-декабрына чейин Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында жайгашкан Низами атындагы педагогикалык университетке тажирыйба алмашуу максатында барып келишти. П.и.к., доцент Б.Муратбаев, п.и.к.,доцент М.Бабаев, п.и.к.,улук окутуучу М.Сабирова, доцент Т.Турдубаев, улук окутуучулар: Р.Ормонов, А.Марипов, окутуучулар: А.Абылкасымова, Абдыкапар кызы Гулзада, Акбарали уулу Дастандар өздөрүнүн кесибине байланыштуу багыттарга конок лекцияларды окушту. 12 - декабрь улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ал университетте бир айдан бери мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студеттерибиз " Аалам алпы Айтматов" атындагы иш чараны жогорку денгээлде уюштуруп, Низами атындагы педагогикалык университеттин профессордук - окутуучулук, студенттик курамына тартуулашты. Натыйжада университеттин тышкы байланыштар боюнча проректору Феруза Икрамовна көзүнө жаш алуу менен биздин студенттердин талантына таазим этип, ыраазычылык сөзүн билдирди.