История

Институт педагогики, искусство и журналистики

1959-жылы негизделген (буйрук №150. 20-июль) ОшМУнун структурасындагы алгачкы факультеттерден. Биринчи ачылганда музыка-педагогика факультети деп аталып, жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоого багытталган. Анткени ошол мезгилде республикада аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү эле.
1978-79-окуу жылында музыка адистиги бөлүнүп кеткенден кийин, педагогика факультети өзүнчө факультет болуп түзүлгөн. 1998-99-окуу жылынан тартып дене тарбия адистиги ачылгандыгына байланыштуу, педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып, 2008-жылы ректордун буйругунун негизинде искусство факультети менен педагогика жана дене тарбия факультети биригип, педагогика жана искусство факультети деп аталган. 2011-жылдын сентябрь айынан баштап, искусство бөлүмү факультет болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу педагогика жана дене тарбия факультети болуп аталган. 2019-2020-окуу жылында психология адистиги кошулгандыгына байланыштуу педагогика, психолдогия жана дене тарбия факультети деп кайрадан аталды.
Факультеттин биринчи деканы болуп азыркы ОшМУнун профессору, философия илимдеринин доктору Ж.Ж.Жаныбеков коомдук башталышта дайындалган. Андан кийин декандык кызматка Д.М.Лондон (1960-1965), Б.Апышев (1965-1968), И.А.Макаревич (1968-1971), С.С.Нурова (1971-1974), С.Дүйшөналиев (1974-1978), Т.К.Сарыков (1978-1980), Ш.Б.Базарбаев (1980-1986), К.М.Миңбаев (1986-1989), Ж.А.Омукеева (1989-1991), Б.А.Апышев (1991-1992), К.З.Зулпукаров (1992), А.А.Исаев (1992-2001), Т.Акматова (2001-2004), К.Байгазиев (2004-2006),А.Закиров (2006-2008) А Аттокуров (2008-2009), Т.Акматова (2009-2012), Б.Муратбаев (2012-2021) жж. ЖОЖдордун ошол учурдагы талабына ылайык дайындалып же шайланып иштеп келишкен. Алардын ар бири мүмкүнчүлүктөрүнүн болушунча жаамат үчүн ак дилден эмгектенип, факультеттин калыптанышында жана өнүгүшүндө өз салымдарын кошушкан.
Факультеттин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Россия федерациясынын билим берүү мекемелеринде да үзүрлүү иштеп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык. Мында бөтөнчө студенттердин өз алдынча иштерин өркүндөтүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Окутууда «Көп тилдүү билим берүү» программасынын өзгөчөлүгүнө, интерактивдүү, эвристикалык жана сынчыл ой жүгүртүү усулдарына, педагогикалык маселелерди чечүүгө, ишкер оюндарга, педагогикалык кырдаалдарды моделдештирүүгө артыкчылык берилүүдө.
Өткөн алтымыш жылдан ашуун убакыттын ичинде факультетте өзүнүн традицияларына жана жетишкендиктерине ээ болгон ынтымактуу коллектив калыптанган.

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин №9 чечими менен 2024-2025-жылы Ош мамлекеттик университетинин факультеттердин, билим берүү институттардын, жогорку мектептин базаларында оптимизациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында уюштурулган № 2811-ФХД/24 22.06.2024 буйругу менен педагогика, исскуство жана журналистика институту болуп түзүлдү.

Педагогика, искусство жана журналистика институту

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин №9 чечими менен Ош мамлекеттик университетинин факультеттердин, билим берүү институттардын, жогорку мектептин базаларында оптимизациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында уюштурулган № 2811-ФХД/24 22.06.2024 буйругу менен педагогика, исскуство жана журналистика институтунун директорлугуна Муратбаев Бактыбек Бакасович дайындалган.

  • Адистиктер:

Адистикттердин аталыштары

Окуу мөөнөтү

Окуу формасы

Контракттын суммасы

Чет өлкөлүктөр үчүн контракттын суммасы

БАКАЛАВРИАТ

1

Башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү жана логопедия

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

2

Логопедия

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

3

Психология

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Кечки

35000

56000

4

Журналистика

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Реклама жана коомчулук менен байланыш

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

6

Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство, көркөм өнөр искусствосу)

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

7

Эстраданын музыкалык искусствосу

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

8

Хореография

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

9

Костюм жана текстиль искусствосу

4

Күндүзгү

38500

61600

10

Дизайн (Дизайн костюм, интерьер дизайны)

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

11

Режиссура

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

12

Актердук искусство

4

Күндүзгү

38500

61600

13

Кинооператорство

4

Күндүзгү

38500

61600

14

Продюсер

4

Күндүзгү

38500

61600

5

Сырттан

(дистанттык)

35000

56000

МАГИСТРАТУРА

1

Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство, көркөм өнөр

2

Күндүзгү

38500

61600

2

Педагогика (БББ, МЧББ )

2

Күндүзгү

38500

61600

3

Костюм жана текстиль искусствосу

2

Күндүзгү

38500

61600

4

Журналистика

2

Күндүзгү

38500

61600

5

Психология

2

Күндүзгү

38500

61600

Окуу- усулдук, тарбиялык иштер, материалдык - техникалык база:

Институтта күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө азыркы күндө жалпысынан 4500 студент билим алууда. Факультетин жамааты көп улуттуу, окутуу кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу имараттары, жатаканасы шаардын борборунда жайгашып,транспорттун бардык түрлөрүнөн маданий мекемелерден, соода-байланыш түйүндөрүнөн пайдаланууга өтө ынгайлуу.

Факультетте оптималдуу шарттар түзүлгөн, окуу сабактары боюнча лекциялык жана практикалык иштердин каражаттары жеткиликтүү болуп турат негизги билим берүү программассы боюнча окуу өткөрүлөт, жеке сабактар ​​үчүн кабинеттер зарыл болгон музыкалык аспаптар, техникалар менен жабдылган.

Лекциялык жана практикалык сабактар атайын кааналарда өтүлөт; Билим берүү программасына тиешелүү болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Окуу процесси бакалавриат системасындагы мамлекеттик стандартка ылайык уюштурулган. Окуу процессинин жүрүшү: 1-.Лекциялык, 2-.Практикалык, 3- Лабораториялык жана жекече сабактар түрүндө өтүлөт.

Институттун багыты - учурдун талабына жооп берген адистерди – башталгыч класс мугалимдерин, тарбиячы-методисттерин, мыкты журналистерди жана таланты бар өнөр ээлерин даярдоо. Алыскы жана жакынкы жерлерде жетишсиз болуп жаткан адистиктерди адистер менен камсыз кылып туруу, көркөм өнөр, музыка, эстрада, дизайн багытында, азыркы базар экономикасынын талаптарына ылайык, жаңы технологияларды колдоно билген, ар тараптуу, атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫН КВАЛИФИКАЦИЯЛАРЫН ЖОГОРУЛАТУУЛАРЫ

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайджан, Түркия Россия, Кытай, Корея, Япония, Индия, Пакистан, Малайзия, Сингапур, Америка, Улуу Британия, Германия, Италия, Испания, Венгрия, ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда студенттер менен магистранттар академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркия, ж.б. мамлекеттерден окуп келишүүдө.




Педагогика, искусство жана

журналистика институтунун директору: Муратбаев Бактыбек Бакасович.

Байланыш номери: +996 777 144 142

Илимий даражасы : Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент