Фергана мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн конок лекция тууралуу отчет
2025-жылдын 24-апрель күнү Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынын Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университети менен биргеликте окуу программаларын, илимий- изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн максаттуу командировка уюштурулуп 11 окутуучу барып келишти.
Наманган университетинде өткөрүлгөн конок лекция тууралуу отчет
2025-жылдын 24-апрель күнү, биз академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетине барып, конок лекция окуп келдик. Бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайлары ортосундагы академиялык кызматташууну өнүктүрүү жана билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында уюштурулду.
Лекцияга БББТАТМ жана БМЧББПП кафедраларынын мугалимдери барып катышышты. Иш-чара учурунда заманбап технологиялардын жана социалдык медианын баланын өнүгүшүнө тийгизген таасири боюнча кеңири талкуу жүрүп, студенттер активдүү катышып, кызыктуу суроолорду беришти.
Сапардын алкагында аталган кафедралардын жетекчилери жана окутуучулары менен тажрыйба алмашуу, окутуунун усулдарын салыштыруу жана биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул мобилдүүлүк биз үчүн кесиптик жактан чоң тажрыйба болуп, эки өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Академиялык мобилдүүлүк окутуучулар арасында билим, идея жана маданий алмашууга түрткү болоруна ишеним чоң
БМЧББПП кафедрасы.
1. Ички жана сырткы конок лекциялардын уюштурулушу:
2022-жылдын 4-апрелен 8-апрелин чейин кафедранин доценти Алиева Канышай Өзбекстандын Мирзо Улугбек атындагы улуттук университет мобилдүүлүктө болуп, конок лекция, практические сабактарды өтүп, сертификат ээ болду.
2024-жылдын 11 - декабрынан 14-декабрына чейин кафедарын доценттери Муратбаев Б., Бабаев М., Низами атындагы педагогический университет тажрыйба алмашууы макснда барып, мастер класс, практикалык сабак өтүп келишти.
https://www.youtube.com/shorts/JgZS4TEPo0w
Конок лекция, мастер классттар.
Психология кафедрасынын окутуучусу Садикова Режап Сатвалдиевна 30.10.24- 5.10.24ж Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин этнопедагогика жана психология факультетинде болуп, “Жалпы психология” дисциплинасы боюнча 36 сааттык мастер-класс өткөрүп келди. https://www.facebook.com/share/p/1ABCSU1ZgY/
11-13-декабрь Ташкент Низами атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош мамлекеттик университетинин делегациясынын тобунда, тажрыйба алмашуу жана Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата мобилдүүлүктө жүргөн студенттер тарабынан уюштурулган иш- чарасына катышуу максатында Психология кафедрасынын окутуучусу Асель Абылкасымова иш сапарында болуп келди. https://www.facebook.com/share/p/1BZzYcbG7T/
13-14.12.24ж. Психология кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Фергана мамлекеттик университетиндеакадемиялык мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашууда болушту. Ага психология кафедрасынын улук окутуучусу К. М. Кожомбердиева, доцент В. Гареева, окутуучу Р. Сатвалдиевна жана магистр, студенттер барышты. https://www.facebook.com/share/v/1HTaJqoS9M/