ПЕДАГОГИКА, ИСКУССТВО ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ИНСТИТУТУНДА ЛОГОПЕДИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

2025-04-23 06:00:36 53

Бүгүн балдардын тил өнүгүүсүн колдоо жана логопедиялык жардам көрсөтүү максатында жаңы логопедиялык лаборатория каанасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул атайын жабдылган каана балдардын туура сүйлөөсүн, тыбыш чыгаруу жөндөмүн жана тилдик кыйынчылыктарын жоюуга багытталган. Лаборатория заманбап логопедиялык шаймандар, дидактикалык материалдар жана мультимедиа каражаттары менен жабдылган. Мында квалификациялуу логопед-адистер иш алып барып, балдарга жекече жана топтук дарылоолор өткөрүлөт. Ачылышка институттун жетекчилиги, мугалимдер жана студенттер катышып, логопедиялык кызматтын мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти. Бул каананын ишке кириши – балдардын толук кандуу өнүгүүсүнө кошкон чоң салым. Эми логопедиялык жардамга муктаж болгон ар бир бала сапаттуу, заманбап жана жеткиликтүү кызмат ала алат.