Ош МУнун доценттери Бухарада илимий-теориялык конференцияга катышышты жана академиялык кызматташтыктын алкагында конок лекция, мастер-класс өтүштү

2025-05-14 09:55:57 41

Ош МУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун доценттери Ч.Гапарова, М.Мадумарова жана З.Бекмуратовдор 2025-жылдын 30-апрелинен 4-майга чейин Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн “Глобалдык интеграция шартында түрк тилдеринин өнүгүүсү: көйгөйлөр жана милдеттер” аталышындагы эл аралык илимий-теориялык конференцияга катышышты. Доцент Ч.Гапарова “Кыргыз тили жана окуу” китептеринде (өзбек тилинде окутулуучу башталгыч класстардын окуучулары үчүн) сөз түркүмдөрүн үйрөтүүгө байланыштуу көнүгүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү», ал эми доценттер М.Мадумарова жана З.Бекмуратовдор “Кыргызстандагы эл аралык билим берүү долбоорлорунун натыйжалары” деген темада илимий баяндама жасашты. Пленардык жана секциялык иштерде Казакстандан, Түркменстандан, Азербейжандан, Россиядан, Тажикстандан, Түркиядан, Кыргызстандан, Польшадан келген окумуштуулардын илимий баяндамалары окулуп, түрк элдеринин тилинин бирдиктүү алфавитин компьютердик басмага түшүрүү жана түркий тилдик терминологиялык жалпылыкты иштеп чыгуу маселелери жөнүндө да сөз болду. Иш сапардын алкагында Ч.Гапарова, М.Мадумарова, З.Бекмуратовдор Бухара мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча регионалдык борборунда болушуп, педагогикалык кызматкерлерге “Окутуу процессинде скаффолдингди колдонуу” деген темада мастер-класс өтүштү. Алар эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында аталган борбордун директору Б.Р.Адизов менен Ош МУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т.Жороевдин онлайн сүйлөшүүлөрүн уюштуруп, жетекчилер эки тараптуу келечектүү пландарды жана келишимдерди макулдашышты. Бухара мамлекеттик университетинин өзбек тили жана журналистика институнун студенттерине Ч.Гапарова “Кыргыз тилинин сүйлөшүү кебинин лексикасы”, М.Мадумарова “Тил менен предметти интеграциялап окутуу”, ал эми З.Бекмуратов “Кыргызские конструкции с послелогами послеложными образованиями в переводе на русский язык” деген темада конок лекция өтүп беришти. Конок лекцияга студенттер менен бирге Бухара мамлекеттик университетинин профессорлору М.Г.Абузалова, Г.И.Тоирова жана Казакстандын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин доктаранты Жанар Абжамаловалар да катышышты. Жыйынтыгында кесиптик тажрыйба алмашуу, биргелешкен эки тараптуу тилдик жана методикалык