2025-09-27 07:11:32 51
2025-жылдын 26-сентябрында Педагогика,искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А.Жутанованын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер,педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, доцент А.Ю.Тешабоев "Билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу маселелери" жана аталган кафедранын окутуучусу Д.Д.Азизов "Окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу" аталышындагы конок лекцияны Ош мамлекеттик университетинин табият таануу,дене тарбия,туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенттери үчүн окуп беришти.Актуалдуу жана мазмундуу окуп берген лекциясы үчүн лекторлорго педагогика кафедрасы ыраазычылык кат жолдоду.