Педагогика, искусство жана журналистика институтунда жаш балдарды убактылуу кароого багытталган стартап долбоор өз ишин баштады

2025-10-14 07:18:17 8

ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда жаш балдары бар үй-бүлөлөргө жана педагогикалык билим алып жаткан студенттерге багытталган жаңы стартап долбоор ишке кирди. “Студент эжекем менен бирге!” деп аталган бул демилге кечки убакта, өзгөчө той-маараке учурларында ата-энелердин балдарын убактылуу карап турууга шарт түзөт. Мисалы, ата-энелер кечки конокко же иш-чарага барарда балдарын бакчада убактылуу калтыра алат. Долбоордун демилгечиси жана жетекчиси институттун директорунун милдетин аткаруучу Замирбек Божонов. Анын айтымында, стартап учурда ОшМУнун “Ыйман” балдар бакчасы менен өнөктөштүктө иш алып барууда. Команданын курамында тогуз адис бар. Долбоор эки жаштан жети жашка чейинки балдарды камтыйт. Убактысы 17-00дөн 24-00гө чейин болот. Ата-энелер алдын ала WhatsApp аркылуу байланышып, күнүн, саатын, бала санын айтып, MBank тиркемеси аркылуу төлөм жүргүзөт. Баланы ата-эне өзү жеткирип, кайра алып кетет. “Бул долбоор эки тарапка тең пайдалуу: ата-энелер балдарын ишенимдүү мекемеге калтырып, бейкапар эс ала алат. Студенттер болсо окуган багыты боюнча иш жүзүндө тажрыйба топтойт,” –деди Божонов. Долбоордун түзүлүшүнө кафе-ресторандарда балдар үчүн аянтчалардын жана убактылуу тарбиялоо кызматтарынын жетишсиздиги, ошондой эле студенттер үчүн окууга ылайыкташкан жумуш орундардын жоктугу себеп болгон. Стартаптын негизги максаты ОшМУнун мектепке чейинки билим берүү багытында окуган студенттерин дуалдык окутуу ыкмасы менен жумуш ордунда окутуу болууда. Ошол эле учурда ата-энелерге ишенимдүү, коопсуз тарбия мекемесин камсыз кылуу.