2025-11-24 05:59:35 37
2025-жылдын 20-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.А. Жутанова ФжМАК институтунун студенттери үчүн «Окуучулардын креативдүүлүк компетенттүүлүгүн өнүктүрүүдө үй-бүлөнүн жана мектептин ролу» аттуу тарбиялык-методикалык семинар өткөрдү. Семинарга институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышып, теманын алкагында окуучулардын креативдүүлүк компетенттүүлүгүн калыптандырууда үй-бүлө менен мектептин өз ара байланышынын маанилүүлүгү талкууланды. Иш-чарада студенттерге тарбия берүү аспектилерине өзгөчө басым жасалып, методикалык жактан практикалык жардам көрсөтүлдү. Семинардын жыйынтыгында окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө үй-бүлө жана мектептин биргелешкен ишмердүүлүгү негизги фактор экендиги белгиленди. Иш-чаранын соңунда институттун жана кафедранын жалпы жамаатынын атынан Гульмира Атанбековнага ыраазычылык билдиришти.