Инклюзивдик билим берүү шартында студенттердин практикалык ишмердүүлүгү

2025-11-24 06:02:07 104

2025-жылдын 22-ноябрында ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын улук окутуучусу В.А.Байсубанованын жетекчилиги менен бир катар институттун – тарых-юридика, МФТжМТ жана ФжМАК багыттары боюнча окуган студенттер менен биргеликте «Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебине» барып, балдар менен тажрыйбалык иш-чара өткөрүп келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер балдарга ар түрдүү өнүктүрүүчү тапшырмаларды сунуштап, пазлдар менен иштөөнү, сүрөт тартуу жана боёону, кыймылдуу оюндарды, карточкалар менен иштөөнү жана Монтессори ыкмасы боюнча материалдарды колдонуу иштерин уюштурушту. Ошондой эле мектепке тогуз коргоол, спорттук инвентарь жана канцелярдык товарлар белекке берилип, балдардын окуу жана өнүгүү процессине кошумча колдоо көрсөтүлдү. Бул жолугушуу студенттер үчүн практикалык тажрыйбаны бекемдөөгө мүмкүндүк берип, балдар үчүн пайдалуу жана шыктандыруучу иш-чара болду. Балдардын активдүүлүгү жана катышууга болгон кызыгуусу иш-чаранын маанисин арттырды.