ПИжЖИ - дагы бир илимдин доктору менен толукталды

2025-11-24 07:43:54 32

Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Матикеев Талантбек Курманалиевич И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана ОшМУнун алдындагы Д.25.24.698 диссертациялык кеңешинде «Теңир-Тоонун (Тянь-Шань) жаратылышынын секторлук өзгөчөлүктөрү жана анын чарбадагы мааниси» аттуу докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. 2025-жылдын 2-октябрында (протокол №7д–1/23) Жогорку Аттестациялык Комиссия (ВАК) тарабынан диссертация бекитилип, ага география илимдеринин доктору окумуштуулук наамы ыйгарылды. ОшМУнун педагогика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты Талантбек Курманалиевичти бул чоң жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайт.