ПИжЖ институтунун улук окутуучусу «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси менен сыйланды

2025-11-24 09:12:49 34

2025-жылдын 21-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Г.С. Жакупова университеттеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн "ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси жана күбөлүгү менен сыйланды. Сыйлыкты институттун директору, п.и.к., доцент З.С. Божонов тапшырды. Бул наам окутуучунун университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымын жана педагогикалык ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерин тастыктап турат. Педагогика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты Галина Спатаевнаны алган сыйлыгы менен чын дилинен куттуктап, алдыңкы иштеринде ийгиликтерди каалайт.