2025-11-26 09:23:34 30
2025-жылдын 24-ноябрында педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Г.С. Жакупова ФжМАК институтунун экинчи курс студенттери менен биргеликте акыл-эс мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектеп-интернатта «Күн баарына бирдей жарык чачат!» деген темада тарбиялык иш-чара өткөрдү. Студенттер мектеп-интернаттын окуучуларына мастер-класс көрсөтүп, биргелешкен иш-аракет аркылуу боорукерликке, теңчиликке жана бири-бирин колдоого үндөгөн маанилүү сабактарды беришти. Бул иш-чара студенттердин педагогикалык тажрыйбасын арттырып гана тим болбостон, балдарга кубаныч тартуулап, коомдук жоопкерчилик сезимин бекемдөөгө багытталды.