2025-11-26 09:48:04 31
2025-жылдын 25-ноябрында педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында 2025–2026-окуу жылынын планынын алкагында кафедранын аспиранттары менен докторанттарынын илимий иштеринин отчеттору угулду. Ишмердүүлүк учурунда профессордук-окутуучулук жамааттын мүчөлөрү изилденип жаткан темалар боюнча суроолорду берип, бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти. Жыйындын соңунда кафедра башчысы, п.и.к., доцент Г.А. Жутанова учурдагы илимдеги өзгөрүүлөр жана жаңы талаптар тууралуу ой бөлүшүп, аспиранттарга ийгилик каалады.