2025-11-28 04:42:07 78
2025-жылдын 20-21-ноябрь күндөрү Журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулган конок лекциялар болуп өттү. Ала-Тоо Эл аралык университетинин профессору жана тажрыйбалуу журналисттер журналистика адистигинин студенттери менен баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Иш-чаранын алкагында биринчи лекция 20-ноябрда «Жасалма интеллектти (ЖИ) журналисттик иште колдонуу» темасына арналды. Бул лекцияда ЖИнин маалыматты талдоодо, текшерүүдө жана контент жаратуудагы ролу тууралуу кеңири баяндалды. Андан соң медиа-эксперт Кубан Абдымен «Фактчекинг: кантип чындык менен жалганды айырмалоо керек?… Конок лекциянын экинчи күнүндө Мунарбек Имаров «Журналисттик иликтөөнүн негизги принциптери» боюнча лекция окуду. Ал иликтөөнүн этаптары, булактар менен иштөө жана юридикалык жоопкерчилик боюнча маанилүү маалыматтарды сунуштады. Ошол эле күнү журналист Турал Керимов өзгөчө кырдаалдарда журналисттин ролу тууралуу баяндама жасап, ыкчам жана так маалымат берүү, фейк жаңылыктардан алыс болуу, этикалык жана коопсуздук эрежелерин сактоо сыяктуу негизги принциптерди белгиледи. Бул конок лекциялар студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба жана практикалык билимин кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду. Иш-чаралар журналистика тармагындагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө жана кесиптик деңгээлди жогорулатууга багытталды.