ОшМУда журналистика адистигинин иш берүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-11-28 04:49:22 30

13-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда журналистика адистигинин иш берүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага институттун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент З.Бөжөнов, журналистика кафедрасынын окутуучулары жана массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери катышышты. Жолугушуунун негизги максаты — дуалдык окутууну уюштуруу, журналистика адистигинин НБППсын жана жогорку билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттердин практикалык көндүмдөрүн чыңдоо жана медиатармактагы заманбап талаптарды талкуулоо болду. Иш берүүчүлөр студенттердин практика учурундагы активдүүлүгүн, чыгармачылык потенциалын белгилешип, университет менен кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөө ниетин билдиришти. Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана медиа тармагында заман талабына жооп берген жаш адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.