Журналистика адистигинин студенти Каныбек Исаков атындагы стипендиясынын ээси болду

2025-11-28 06:58:34 66

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына чоң салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковдун жаркын элесине арналган стипендия уюштурулду. 2025-жылдын 28-ноябрында ОшМУда Каныбек Исаков атындагы стипендиянын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика адиситигинин 4-курсунун студенти Мамытова Айтунук аталган стипендияга ээ болду. Салтанаттуу иш-чара саат 11:00дө башталып, мыкты жетишкендиги жана активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге атайын стипендия тапшырылды. Бул иш-чара студенттерди шыктандыруу, илим-билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана Каныбек Исаковдун элесин түбөлүккө сактоо максатын көздөйт. Стипендия — бул студенттер үчүн чоң дем берүү гана болбостон, келечекте коомго пайдалуу адис болууга үндөгөн маанилүү кадам болуп эсептелинет. Каныбек Исаков атындагы стипендия өзүнүн илимий жана адамгерчилик мурасы менен жаштардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.