ОшМУнун доценти конок лекцияда

2025-11-28 09:29:22 26

2025-жылдын 26-ноябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптик колледжинин Тил жана коомдук сабактар бирикмесинде конок лекция уюштурулуп, аталган иш-чарага педагогика, искусство жана журналистика институтунун БББТАТМ кафедрасынын доценти, ф.и.к. Маданова Кызбурак Жапаровна барып, башталгыч билим берүү адистигинде окуган студенттерге балдар адабияты, анын ичинде балдар фольклоруна тиешелүү “Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы балдар ырларынын жанрдык түрлөрү» деген темада конок лекция өтүп келди. Аталган лекция кызыктуу өтүлүп, STEM колледжинин директору, т.и.к., доцент Зулпуев Замирбек Базарбаевич тарабынан лекторго ыраазычылык кат тапшырылды. Лектордун мазмундуу, маңыздуу лекциясына ыракмат айтуу менен бирге мындан ары эки окуу жайдын кызматтык иш аракеттери уланарын билдиришти.