2025-12-01 09:33:09 16
2025-жылдын 29-ноябрында ОшМУнун башкы имаратында өткөрүлгөн “Студент жана илимий - техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык cтуденттик илимий конференция жогорку деңгээлде болуп өттү. Аталган конференцияга ПИжЖИнан профессордук-окутуучулук курам жана магистр, студенттер активдүү катышышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Андан сырткары айрым профессор, доценттерибиз модератор жана катчылык кызматты аркалап келишти. ПИжЖИнун башталгыч билим берүү адистигинин 2-курсунун магистранты Рахимова Марзия Бахтияржановна I даражадагы диплом (жетекчиси п.и.к., доцент Акматова Танавархан Акматовна); Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия адистигинин 4-курсунун студенти Сулейманова Айзирек II даражадагы диплом (жетекчиси п.и.к., доцент Алиева Канышай Уларовна); Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия адистигинин 2-курсунун студенти Шайбекова Айымжан Нурбековна I даражадагы диплом (жетекчиси ф.и.к., доцент Маданова Кызбурак Жапаровна); Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия адистигинин 2-курсунун студенти Базарбекова Гулина Топчубековна сертификат (жетекчиси ф.и.к., доцент Маданова Кызбурак Жапаровна); Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия адистигинин 3-курсунун студенти Пахиридинова Гүлкайыр сертификаттарга ( жетекчиси п.и.к., доцент Алиева Канышай Уларовна) жана орундарга ээ болушту. Андан сырткары, модератор-катчылык милдеттерди: пед.и.д., профессор Колдошев Мисиралы, пед.и.к., доцент Турганбаева Райхан Жаныбековна, пед.и.к., доцент Акматова Танавархан Акматовна, пед.и.к., доцент Тагаева Дамира Абылкасымовна, пед.и.к., доцент Айдарова Жыпаргуль Мусаевна, окутуучу Капарова Нургуль Абийбилаевна, филол.и.к., доцент Маданова Кызбурак Жапаровна, ж.б. аркалашты.