2025-12-03 06:01:04 165
2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Бул иш-чарада педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Г.С. Жакупованын жетекчилиги менен филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун 3-курсунун студенти К.Н. Джалалова “Этнопедагогиканын жана башталгыч билим берүүнүн актуалдуу маселелери” темасы менен катышып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Мындан сырткары педагогика кафедрасынын п.и.к., доцент Ж. Айдарованын жана окутуучу А. Жусупованын жетекчилиги менен катышкан студенттер сертификаттар менен сыйланышты Бул жетишкендик кафедранын студенттеринин илимий изденүүсүнүн жыйынтыгы гана эмес, ОшМУнун билим берүү сапатынын жана чыгармачылык потенциалынын дагы бир далили болуп калды.