“Биз жашоодо биргебиз!” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

2025-12-08 03:50:43 21

3-декабрь - мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын майрамына карата 2025-жылдын 5-декабрь күнү педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын п.и.к., доценти Ж.М.Айдарова жана тарых-юридика институтунун, теология факультетинин 2-курусунун студенттери менен биргеликте Ош шаарындагы атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебиндеги көрүүсү начар балдар үчүн “Биз жашоодо биргебиз!” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүштү. Студенттер окуучулар менен бирдикте боорукердик, теңчилдик тууралуу ой-пикирлерди алмашышты, ошондой эле окуу ишмерүүлүгү жана шарттары менен кеңири таанышып, андан соң окуучулар тарабынан даярдалган чакан программалык концертке күбө болуп, мектептин жамааты тарабынан айтылган ыраазычылык пикирлерди угуп кайтышты.