2025-12-12 09:59:16 37
2025-жылдын 12-декабрь күнү педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу М. Сүйүнбаева, Кыргыз-Кытай факультети жана ФжМАК институтунун 2-курсунун студенттери менен биргеликте "Сокур жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка" барышып, тарбиялык иш-чара өткөрүп келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, көңүл ачуучу оюндар өткөрүлдү. Бул жолугушуу балдардын маанайын көтөрүп, аларга жылуу эмоция жана жагымдуу таасир калтырды.