2025-12-19 04:10:36 26
Педагогика, искусство жана журналистика институтунда тегерек стол болуп өттү 2025-жылдын 10-декабрь күнү педагогика, искусство жана журналистика институтунун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан «12 жылдык билим берүүгө өтүүдө башталгыч жалпы билим берүүдөгү предметтерди окутуунун абалы» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Аталган кафедранын башчысы доцент Д.А.Тагаева тегерек столдун максаты менен катышуучуларды тааныштырып өттү. Ага институттун директору доцент З.С.Божонов, башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын жалпы жамааты, институттун бүтүрүүчү кафедраларынын окутуучулары, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мамразак кызы Жылдыз, башталгыч билим берүү боюнча методисти Гүлбарчын Ормошова, №18 А.Навои атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстын мугалими С.Жусупакматова, №35 Ж.Атабаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Бактыбек кызы Алтынай, Б. Кудайбердиева жана башталгыч класстарда сабак берип, сырттан окуган 5-курстун, күндүзгү бөлүмдүн 3-4-курстун студенттери катышышты. Тегерек столду ачуу үчүн алгач инститтун директору З.С.Божоновго сөз берилип, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн зарылдыгы, Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул билим берүү системасын ийкемдүү, инклюзивдик жана инновациялык кылууга багытталган стратегиялык кадамдыгы, бул боюнча атайын концепция иштелип чыгып, ал эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбаларына таянып түзүлгөндүгү, мындай өзгөрүү өлкөнүн билим берүү тармагын заманбап талаптарга ылайыкташтырууга жардам берери тууралуу баяндап берди. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мамразак кызы Жылдыз 12 жылдык билим берүү, «Алтын казык» билим берүү программасы тууралуу, ал эми методист Гулбарчын Матисаковна жалпы билим берүүчү мектептерде окуу китептерин пайдалануу, окутуунун абалы тууралуу маалыматтарын беришти. Башталгыч класстын мугалимдери учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 1-2-класстын окуучулары менен иштөөдөгү кыйынчылыктар, көйгөйлүү маселелерди айтып өтүштү. Ал эми практика өтөп келген студенттер мектептеги окутуунун абалы жөнүндө баяндашып, бул өткөөл учурдагы маселелерди чечүүдө ЖОЖдордо методикалык жактан билим алуу менен жалпы билим берүүчү башталгыч мектептердеги билим берүүгө даяр болорун билдиришти. Жарыш сөздөрдөн кийин мектепте иштеп жаткан мугалимдер менен тиешелүү адистердин ортосунда суроо-жооптор болду. 12 жылдык билим берүүгө карата көйгөйлөр бар экендиги аныкталып, институттун директору доцент З.С.Божонов бул маселени чечүүдө мындай жолугушуларды улантуу зарылдыгын белгиледи.