2025-12-20 06:08:09 28
2025-жылы 18-декабрь күнү президентибиз С. Жапаровдун “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жол жарлыгын ишке ашыруу максатында педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын ага окутуучусу А. Бегматов, окутуучу А. Жусупова табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 2-курстарынын студенттеринин арасында "Заманбап жаштар жана улуттук баалуулуктар” аталышында тарбиялык-маданий иш-чара уюштурушту. Бул иш-чарага кафедранын атынан п.и.д., профессор М.Колдошев, улук окутуучу Б. Сапарова, конок катары т.и.к. К. Пасаңова жана институттун агай-эжекелери катышышты. Жалпысынан 5 команданын ичинде улуттук баалуулуктар, кыргыз тили, каада-салттар, улуттук оюндар боюнча таймашып, калыстар тобунун чечими менен " География" адистигинин студенттери 1-орунга чыгышты. Иш-чаранын максаты: студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, командада иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуу жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, муундар ортосундагы байланышты чыңдоо жана улуттук мурастарды келечек муунга өткөрүп берүү зарылдыгын түшүндүрүү.