«Кыздын кадыры - адебинде»

2025-12-22 07:26:00 22

2025-жылдын 17-декабрында педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Б. Сапарованын жетекчилиги астында кыргыз-кытай факультетинде студент кыздар үчүн «Кыздын кадыры-адебинде» аттуу тарбиялык-маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага репродукция борборунун акушер-гинекологдору Мээрим Аширбекова жана Клара Абдужабборова катышып, кыз-келиндердин ден соолугу, жеке гигиенасы жана алдын алуу (профилактика) маселелери боюнча кеңири маалымат беришти.