2025-12-30 08:50:17 15
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында ачык сабактар өткөрүлдү 2025-2026-окуу жылынын декабрь айында ПИжЖ институтунун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында «Башталгыч класстарда математика жана аны окутуунун методикасы» секциясынын жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта секциянын окутуучулары Д.Тагаева 3-курстарга математиканы окутуунун усулу дисциплинасы боюнча “Математика сабагында 5Е моделинде сабактын иштелмесин жазуу”, К.Мурзабаев башталгыч класстарда интеграцияланган окутууда жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуунун жолдору дисциплинасынан 4-курстарга “Нейросеттердин жардамында мультимедиалык каражаттарды түзүү”, Э. Ажиматова башталгыч класстарда математикалык компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу дисциплинасы боюнча “Тегиздиктеги геометриялык фигуралардын чоӊдуктарына карата маселелер иштөө аркылуу предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу”, Мамат к. Гүлзат мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан 2-курстардын студенттерине дидактикалык оюндар аркылуу математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу курсунан “Сандарды калыптандырууда улуттук оюндардан пайдалануу”, Акбарали уулу Дастан математиканын башталгыч курсунун теориялык негиздери дисциплинасы боюнча “Эсептөө системаларында кошуу жана кемитүү амалдарынын аткарылышы” деген темалар боюнча практикалык ачык сабактарды өткөрүштү. Мындан сырткары кафедранын улук окутуучусу Х.Ибайдуллаев 3-курсунун студенттери тарабынан даярдалган математикалык кече жана доцент Д.А.Тагаева 2-курстун студенттери тарабынан даярдалган «Акыл таймашы» уюштуруп, жумалыкты ийгиликтүү аякташты.