2026-04-04 06:32:27 9
2026-жылдын 2-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы эл аралык илимий-методикалык семинар уюштурду. Иш-чараны кафедра башчысы, доцент Г. А. Жутанова алып барды. Семинарга Россия Федерациясынын Тамбов шаарындагы Г. Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин өкүлдөрү — педагогика илимдеринин доктору, профессор Шаршов Игорь Алексеевич жана психология илимдеринин кандидаты, доцент Андреева Алёна Алексеевна катышышты. Коноктор өздөрүнүн университети жана педагогикалык институту тууралуу маалымат берип, «Жеке адамдын кесиптик-чыгармачыл өзүн-өзү өнүктүрүүсү: маңызы жана технологиясы» жана «Инклюзивдик билим берүүнүн азыркы абалы жана өнүгүү келечеги» темаларында мазмундуу лекцияларды окушту. Алар ошондой эле педагогика тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Иш-чарага Педагогика, искусство жана журналистика институтунун, ошондой эле Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучулары менен студенттери катышып, конокторго суроолорун берип, талкууларга активдүү катышышты. Семинардын соңунда уюштуруучулар конокторго ыраазычылык билдирип, сертификаттар тапшырылды. Бул иш-чара эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана билим берүүдө жаңы идеяларды жайылтууга өбөлгө түздү.