2026-04-20 08:29:37 13
2026-жылдын 7–11-апрель күндөрү академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин ПИжЖ институтунан психология илиминин кандидаты, профессор А. Закиров, педагогика илиминин кандидаты, доцент Р. Анаркулов, улук окутуучулар А. Бообекова, А. Таабалдиевалар Өзбекстан республикасынын Шахризабз педагогикалык институтунда конок лекция өтүү жана методикалык тажрыйба алмашуу максатында иш сапарда болуп келишти. Бул иш-чара билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, теориялык жана практикалык билимдердин интеграциясын камсыз кылуу максатын көздөдү. Конок лекциялардын жүрүшүндө студенттер менен интерактивдүү форматта мазмундуу пикир алышуу жүргүзүлүп, илимий-педагогикалык актуалдуу маселелер талкууланды. Бул процесс студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.