2026-04-20 08:39:58 12
Өзбекстан республикасынын Шахризабз шаарындагы педагогикалык институтта улуу тарыхый инсан Амир Темурдун 690 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция жогорку деңгээлде өттү. Бул маанилүү иш-чарага Ош мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында катышып, тажрыйба алмашуу жана илимий байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Конференциянын жүрүшүндө тарых, маданият жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, мазмундуу баяндамалар сунушталды. Мындай эл аралык жолугушуулар илимий кызматташтыкты бекемдеп, эки өлкөнүн билим берүү системаларынын ортосундагы алакаларды дагы да чыңдайт деп ишенебиз. Шахризабс шаарына болгон сапарыбыз биз үчүн унутулгус таасир калтырып, жаңы идеяларга жана дем-күчкө бай болду.