2026-04-20 08:45:19 8
2026-жылдын 7–11-апрель күндөрү академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Өзбекстан республикасынын Шахрисабз шаарындагы педагогикалык институтта башталгыч билим берүү адистигиндеги 3-курстун студенттерине “Жазууга үйрөтүүнүн методдору” деген темада конок лекция өтүлдү. Лекциянын жүрүшүндө жазуу көндүмдөрүн калыптандыруунун заманбап методдору, окутуунун инновациялык ыкмалары жана студенттердин тилдик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган практикалык тапшырмалар талкууланды. Ошондой эле катышуучулар менен биргеликте жазуу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Академиялык мобилдүүлүктүн бул багыты илимий кызматташтыкты чыңдоого, окутуунун сапатын жогорулатууга жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт