Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эл аралык кызматташтык бекемделүүдө

2026-04-20 10:05:39 17

2026-жылдын 16–17-апрель күндөрү ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун БББТАТМ кафедрасынын доценттери Замирбек Бекмуратов “Аңгемелерди окутуу”, Чинаркан Гапарова “Жогорку окуу жайларында көп тилдүү билим берүү: көйгөйлөрү жана чечүү жолдору”, Малохат Мадумарова "Башталгыч класстарда адабий окуу сабактарында окуу көндүмдөрүн калыптындыруу" жана Кызбурак Мадановалар “Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы балдар ырларынын жанрдык түрлөрү” деген темаларда Кокон мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин студенттерине конок лекцияларды өтүп келишти. Сапардын алкагында коноктор Кокон мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү, окуу процесстери жана илимий багыттары менен жакындан таанышышты. Педагогика кафедрасында өткөрүлгөн жолугушууларда жана тегерек столдордо заманбап окутуу методдору, инновациялык педагогикалык технологиялар жана илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды жана алдыда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык бекемделишине шарт түзүлдү. Бул кызматташтык жогорку окуу жайлар ортосундагы интеграциянын жандуу мисалы болуп саналат. Өзбекстан жана Кыргызстандын университеттеринин ортосундагы мындай академиялык мобилдүүлүк программалары тажрыйба алмашуу менен чектелбестен, аймактык билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызмат кылат