2026-04-21 07:21:45 8
2026-жылдын 18-апрель, ишемби күнү НО-4-25 (б) тайпасынын куратору Бекмуратов З. Т. тайпадагы студенттердин ата-энелери менен чогулуш өткөрдү. Чогулушка жалпы 17 студенттин ата-энеси келди. Чогулуштун жүрүшүндө ата-энелер бири бири менен таанышышып, андан соң куратор ар бир ата-энеге студенттин окуудагы жетишкендиктери, кемчилдиктери, өзүн алып жүрүүсү, тайпалаштары, окутуучулар менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди. Куратор ата-энелердин суроолоруна жооп берди, аларга контрактык төлөм, университеттин ички тартиби, Уставы, академиялык мобилдүүлүк, стипендия алуу үчүн кандай талаптар бар экендиги тууралуу маалымат берди. Тайпанын студенттери өздөрү катышкан иш-чаралар, конкурстар, майрамдар жөнүндө даярдаган видеопрезентация көрсөтүп беришти. Чогулуштун аягында ата-энелер комитети түзүлүп, анын төрайымы жана орун басары шайланды.