Журналистика адистигинин студенти республикалык Универсиадада жеңишке жетти

2026-04-21 08:38:05 2

2026-жылдын 16-20-апрель күндөрү юолуп өткөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Универсиада – 2026 спорттук мелдешинде ОшМУнун ПИжЖ институтунун журналистика адистигинин студенти Мадина Карыбекова жеңил атлетика боюнча ийгиликке жетти. Ал 4х100 метрлик эстафета жарышында мыкты көрсөткүч көрсөтүп, III даражадагы диплом жана коло медаль менен сыйланды. Мелдеш жогорку лига деңгээлинде өтүп, өлкөнүн ар кайсы университеттеринен келген студенттер спорттук чеберчилигин сынашты. Студентибизге мындан ары да ийгиликтерди багындыра беришине тилектешпиз.