2026-04-23 05:13:57 42
2025-жылдын 18-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын окутуучулары академиялык мобилдүүлүк алкагында Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда болушту. Сапардын жүрүшүндө доценттер Б. Муратбаев, К. Алиева, Г. Өмүрзакова, улук окутуучу А. Жаркынбаева, ошондой эле окутуучулар М. Асанова жана Н. Мырзабекова конок лекцияларын өтүшүп, окуу процессин уюштуруу, заманбап педагогикалык технологиялар жана методикалык иштер боюнча тажрыйба алмашышты. Бул жолугушуу эки окуу жайдын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.