2026-04-24 08:40:23 27
Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Сүйүнбаева Мария 2026-жылдын 13–26-апрель күндөрү "Орхун" мугалимдердин академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Атырау шаарындагы Х. Досмухамбетов атындагы мамлекеттик университетинде сырткы мобилдүүлүккө катышып келди. Иш сапарынын жүрүшүндө окутуучу окуу программасына ылайык лекциялык жана практикалык сабактарды өтүп, мастер-класстарды уюштурду. Мындан сырткары, университет тарабынан өткөрүлгөн илимий конференцияларга, вебинарларга жана семинарларга активдүү катышып, магистранттардын алдын ала коргоо иштерине да салым кошту. Ошондой эле, кабыл алуучу университеттин билим берүү программалары менен таанышып, кесиптештери менен тажрыйба алмашып, педагогикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө багытталган баалуу тажрыйба топтоп келди. Бул мобилдүүлүк программасы эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, билим берүү жана илимий чөйрөдөгү өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.