2026-04-27 09:30:21 21
Түркиянын Измир шаарындагы Eге университетинде Орхун программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика кафедрасынын окутуучулары М.Мамырова жана А. Умарова академиялык мобилдүүлүккө барып, бир катар иш-чараларга катышышты. Мобилдүүлүктүн алкагында алар “Заманбап журналистиканы окутуунун методдору жана санариптик инструменттери” темасында семинар өткөрүп, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Катышуучулар заманбап окутуу ыкмалары, санариптик платформаларды колдонуу жана медиа билим берүүдөгү актуалдуу тенденциялар тууралуу кеңири маалымат алышты. Анда Коммуникация факультетинин деканы, профессор Bilgehan Gültekin окутуучуларга журналистика бөлүмүндө жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле Орхун программасынын координатору, профессор Iknur Aydogdu Karaaslanга, университеттин ректоруна, факультет жетекчилигине жана жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирилди. Мындан тышкары, окутуучулар студенттер үчүн конок лекцияларды окуп, “Датажурналистиканын негиздери жана мүмкүнчүлүктөрү”, “Санариптик доордо басма сөздүн орду” темаларында баяндама жасашты. Бул иш сапар эки университеттин ортосундагы илимий жана билим берүү байланыштарын бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана келечектеги биргелешкен долбоорлорго жол ачууга багытталган. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген кесиптештер да катышып, эл аралык кызматташтык дагы да кеңейди.