Журналистика адистигинде практикалардын жыйынтыгы боюнча конференция өттү

2026-04-28 06:18:44 19

2026-жылдын 30-мартынан 18-апрелге чейин Журналистика адистигинин студенттери аймактык жана жергиликтүү телеканалдарда практикасын өтөп келишти. Илимий жумалыктын алкагында 23-апрель студенттердин окуу-таанышуу жана өндүрүштүк практикаларынын жыйынтыктарына арналган конференция болуп өттү. Бул конференцияга 1-курстун студенттери окуу таанышуу практикасы боюнча, ал эми 2-курстун студенттери өндүрүштүк практика боюнча өз отчетторун беришти. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбаларын, байкоолорун жана кесиптик көндүмдөрүн бөлүшүп, ар кандай багыттагы баяндамаларды жасашты. Алар окуу процессинде алган теориялык билимди иш жүзүндө кантип колдонгондугун, практиканын жүрүшүндө кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын жана кандай кыйынчылыктарды жеңгенин айтып беришти.