2026-05-11 09:55:59 14
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Башталгыч билим берүүнүн терориясы жана методикасы кафедрасынын доценттери Т.Акматова, Р.Турганбаева, Д.Тагаева жана Н.Капаровалар 12 жылдык билим берүүнүн алкагындагы башталгыч билим берүү адистиктери үчүн «Болочок башталгыч мугалимдери 12 жылдык билим берүү шартында заманбап технологияларды пайдаланып сабактарды уюштурууга» багытталган конок лекцияларды 2026-жылдын 29-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университетинде өтүп келишти. Конок лекцияга аталган университеттин окутуучулар жамааты, башталгыч билим берүү адистигинде окуп жатышкан студенттер катышты. Иш чаранын аягында окутуучулардын, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооптор алынды.