ОшМУнун студенттери үчүн "Мугалим -улуттук нарктын күзгүсү, уңгу жолдун башаты" аталышындагы тарбиялык-маданий конкурс уюштурулду.

2026-05-16 08:19:18 100

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгын жаштар арасында жайылтуу максатында уюштурулган “Мугалим - улуттук нарктын күзгүсү, уңгу жолдун башаты” аталышындагы тарбиялык-маданий конкурс уюштурулду. Демилгечи - педагогика , искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Жусупова Азиза Абдыманаповна. Бул конкурска филология жана маданият аралык коммуникация институтунун "Кыргыз тили жана адабияты" жана "Чет тили" адистигинин 2-курсунун студенттери катышты. Тарбиялык-маданий конкурс бир нече этаптан туруп, жыйынтыгында "Кыргыз тили жана адабияты" адистигинин студенттеринен түзүлгөн "Санжыра" тобу 1-орунга, "Чет тили" адистигинин "Айкөл" жана "Мурас" тобунун студенттери 2-3-орунга ээ болушту. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун жарлыгын жаштар арасында жайылтуу максатында уюштурулган бул конкурска ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Шарипова Мастура Сайпидиновна катышып, ректордун ыраазычылык баракчасын тапшырды.