"Педогогика" дисциплинасы боюнча "Брейн-Ринг" интеллектуалдык таймашы уюштурулду

2026-05-21 03:34:05 88

2026-жылдын 16-май күнү Ош мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасы институттар жана факультеттер арасында 2-курстун студенттери үчүн "Педогогика" дисциплинасы боюнча "Брейн-Ринг" интеллектуалдык таймашын уюштурду. Педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г. Жутанова сөз сүйлөп, бүгүнкү таймашта жалпы 9 команда катышып жатканын айтып, аларга ийгилик каалады. Калыстар тобу түзүлүп, таймаштын жүрүшү суроо-жооп, интеллектуалдык оюн, тесттер менен коштолду. Жыйынтыгында ФжМАК институтунун "Кыргыз тили жана адабияты" жана "Орус тили жана адабияты" адистигинин студенттери 1-орунду багындырышты. Даярдаган окутуучулары Г. Жакупова жана А. Жусупова. Ал эми 2-орунга "Чет тили" адистигинин студенттери ээ болушту. Даярдаган доцент А. Батыралиев жана окутуучу Ж. Маматова. 3-орунга "Физика" адистигинин студенттери жана "Чет тили" адистигинин студенттери ээ болушту. Жетекчилери доцент Ж. Айдарова жана окутуучу М. Сүйүнбаева. Жеңүүчүлөр диплом жана ардак громаталар менен сыйланышты.