Ош мамлекеттик университети: «Педагогикалык квест» интеллектуалдык таймашы жогорку деңгээлде өттү

2026-05-21 03:49:46 49

2026-жылдын 16-май күнү Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Сүйүнбаева М.С. тарабынан филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 2-курс орус агымдарынын студенттери үчүн «Педагогикалык квест» аттуу интеллектуалдык-чыгармачыл иш-чара уюштурулду. Аталган квесттин негизги максаты — студенттердин педагогикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, командалык иш алып баруу жөндөмүн калыптандыруу, коммуникациялык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана маалыматтарды талдоо аркылуу критикалык ой жүгүртүүсүн арттыруу болду. Квесттин жүрүшүндө жалпы 6 команда катышып, алты этаптан турган педагогикалык тапшырмалар боюнча өз ара таймашышты. Ар бир этап студенттердин чыгармачылык жөндөмүн, ыкчам ойлонуусун жана теориялык билимдерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн ачып берди. Айрыкча, 1-этаптагы «Инфо-шум» аттуу тапшырмада катышуучулар видео-материалдарды анализдеп, алардын чындык же фейк экендигин аныктоо боюнча өз билимдерин жана аналитикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ал эми 2-этаптагы «Теория уважения» тапшырмасында студенттер педагогикалык кырдаалдарды сахналаштырып, аларды туура чечүү жолдорун сунушташты. Мындан сырткары, ар түрдүү логикалык, практикалык жана чыгармачыл тапшырмалар аткарылып, студенттер командалык биримдикте иштөө, өз оюн эркин жеткирүү жана көйгөйлөрдү биргелешип чечүү көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен: I орун — 3-агымдын «New Era» командасы; II орун — 1-агымдын «Француженки» командасы; III орун — 4-агымдын «Эрудиты» командасы ээ болушту. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу аянтча болуп берди. «Педагогикалык квест» келечектеги педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири катары бааланды.