2026-05-25 05:38:16 19
Мелдешке Педагогика, искусство жана журналистика институтунун айымдардан куралган волейбол командасы да катышып, жогорку чеберчиликти жана өзгөчө жигердүүлүктү көрсөтө алышты. Натыйжада, биздин намыскөй эжекелерибиз татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү 3-орунду багындырышты! Жеңишиңиздер кут болсун, урматтуу эжекелер! Сиздер менен сыймыктанабыз жана мындан аркы спорттук жана профессионалдык иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!