2026-05-25 05:52:35 12
2026-жылдын 2-февралында НО(б)-5-24 тайпасында өзгөчө жана маанилүү куратордук саат болуп өттү. Сааттын башкы темасы — "Студенттерди эң мыкты адис кылып тарбиялоонун жолдору" деп аталып, ага атайын чакырылган конок белгилүү тренер, фасилитатор Кармышаков Нурлан агай катышты. Куратордук сааттын негизги максаты — студенттерге жөн гана диплом алуу эмес, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ, өз ишин мыкты билген кесипкөй адис болуунун сырларын үйрөтүү жана аларга туура багыт берүү болду. Жолугушууда агай өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин кесиптик жана жеке инсан катары өсүүсүнө багытталган бир нече маанилүү эрежелерге токтолду. Заманбап адиске коммуникация, команда да иштей билүү жана стресске туруктуулук канчалык маанилүү экени айтылды.Студенттик курактан баштап убакытты туура пландап, так максаттарды коё билүү ийгиликтин жарым жолу экени баса белгиленди.Университетте алган билимди практика менен айкалыштырып, дайыма өз алдынча изденүү зарылдыгы тууралуу кеп козголду. Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго тренерибизден абдан маанилүү, жандуу жана пайдалуу жоопторду ала алышты. Иш-чаранын уюштуруучусу, тайпанын куратору БББТАТМ кафедрасынын окутуучусу Мамазияева Жаңыл Абдикирамовна: "Биздин башкы максатыбыз — студенттерге кургак теорияны гана үйрөтпөстөн, алардын турмуштан өз ордун табуусуна көмөктөшүү. Тренер Кармышаков агай менен болгон бул жолугушуу студенттерге чоң мотивация берип, алардын келечекке болгон көз карашын кеңейтти деп ишенем." Катышуучулар үчүн бул лекция ички потенциалды ачууга түрткү берген өзгөчө тренинг болду. Иш-чаранын соңунда студенттер келген конокко жана уюштуруучуларга өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.