«Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» аталышындагы китеп жарык көрдү

2026-05-26 09:01:25 9

«Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» аталышындагы китеп жарык көрдү. Аталган эмгектин авторлорунун катарында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика кафедрасынын окутуучулары М.Мамырова жана А.Умарова да бар. Басылмада инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистиканын негизги принциптери, медиа чөйрөдөгү этикалык стандарттар жана заманбап журналистиканын талаптары камтылган.