2026-05-28 04:57:33 8
2026-жылдын 12-майында ФжМАК институтунун кыргыз филологиясы багыты үчүн 2-курстун студенттери тарабынан кабыл алынган “Уңгу жол-дүйнөлүк бийиктик” аталышындагы иш чара өткөрүлдү. Иш чарага кафедра башчысы жана окутуучулар катышышты. Бул иш чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салтын, тилин, тарыхын жана маданиятын сактап калуу, ошондой эле аларды дүйнөлүк деңгээлге таанытуу максатын көздөйт. Иш-чаранын максаты: Жаш муунду өз тамырын, улуттук уңгусун унутпоого чакыруу менен бирге, «Дүйнөлүк бийиктикке» жетүү үчүн билимдүү, заманбап жана ошол эле учурда өз маданиятын терең билген инсан болуу керектигин коомчулукка жеткирүү болуп саналат. Иш чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, өз максатына жетти.