Туркияда симпозиум болуп өттү

2026-05-28 05:25:48 7

ОшМУнун Психология кафедрасынын башчысы, п.и.к. З.Р. Джоошбекова эл аралык симпозиумда модераторлук кылып, илимий баяндама жасады. 2026-жылдын 21-22-май күндөрү Борбордук Азия жана Евразия мейкиндигиндеги илимий кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулган ESSA VIII Социалдык илимдер жана искусство боюнча эл аралык Евразия симпозиуму болуп өттү. Аталган эл аралык илимий аянтчага Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Психология кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Зинагул Рысбаевна Джоошбекова активдүү катышты. Симпозиумдун алкагында З.Р. Джоошбекова заманбап билим берүү жана курактык психологиянын эң актуалдуу маселелеринин бирин козгогон “Кенже мектеп курагындагы өнүгүүнүн жектөөчү фактору катары окуу иш-аракетинин психологиялык өзгөчөлүктөрү” аттуу илимий макаласы менен онлайн форматта баяндама жасады. Баяндамада кенже мектеп курагындагы баланын инсандык жана интеллектуалдык калыптанышында окуу иш-аракетинин ролу, анын психологиялык механизмдери жана бүгүнкү санариптик доордогу өзгөчөлүктөрү илимий негизде терең талдоого алынды. Катышуучулар тарабынан сунушталган концепциялар жогору бааланып, теманын тегерегинде кызуу талкуу жүрдү жана баалуу пикирлер, сунуштар айтылды.