ОшМУнун окутуучулары, аспиранттар жана магистранттар үчүн илимий-методологиялык онлайн семинар уюштурулду

2026-05-28 06:23:13 10

2026-жылдын 20-май күнү педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.А. Жутанова тарабынан ОшМУнун окутуучулары, аспиранттар жана магистранттар үчүн илимий-методологиялык онлайн семинар уюштурулду. Семинардын коногу Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, п.и.д. А. Алимбеков “Университет кызматкери: окутуучубу же окумуштуубу? Талаптар, шарттар жана реалдуу практика” аттуу темада баяндама жасады. Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку билим берүүдө окутуучунун жана окумуштуунун орду, илимий изилдөөлөрдүн мааниси жана заманбап талаптар тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Семинар суроо-жооп жана тажрыйба алмашуу форматында өтүп, соңунда катышуучулар уюштуруучуларга жана конок баяндамачыга ыраазычылык билдиришти.