ОшМУда окуу жайдын базасында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин сыйлоо аземи өттү.

2026-05-29 04:48:44 21

Бүгүн 28-майда ОшМУда окуу жайдын базасында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Ош облусунун райондорунан келген билим берүү тармагынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, кызматкерлери жана кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Педагогика, искусство жана журналистика институтунан педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к.доцент Г.А.Жутанова Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин "Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы" төш белгиси менен сыйланды. Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Апсамат Саттаров сөз сүйлөп, сыйлык алган кызматкерлерди куттуктады.