2026-05-30 04:10:50 91
2026-жылдын 16-мартында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунда улуттук каада-салттарды даңазалаган чоң майрамдык кече өттү. Иш-чарага ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна күбө болуп, студенттердин өнөрүнө жогорку баасын берип, куттуктоо жолдоду. Кароо-сынактын жыйынтыгында куратор Мамазияева Жаңыл Абдикирамовна уюштурган НО(б)-5-24 тайпасы өздөрүнүн өзгөчө таланты жана улуттук рухту чагылдырганы үчүн баш байгени жеңип алышты. Студенттердин бул эмгеги бааланып, институттун директору Божонов Замирбек Сабиржановичтин демилгеси менен тайпага "Арсланбап" эс алуу жайына жолдомо берилди жана кураторуна "Ыраазычылык каты" ыйгарылды. Студенттердин талантын колдоп, шыктандырып жаткан институтубуздун жетекчилигине жана кураторубузга терең ыраазычылык билдиребиз! Жеңишиңер кут болсун, НО(б)-5-24!